Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Аскер кызматкери баңгизат сатууга шек саналып кармалды


Аскер кызматкерлерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Аскер кызматкерлерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 30-июлда аскер кызматкери маңзатын сатууга жана колдонууга шек саналып кармалганын билдирди.

Маалыматта Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы УКМК менен бирге Коргоо министрлигинин Г.В. аттуу аскер кызматкерин баңгизат сатуу учурунда кармаганы айтылат. Шектүүнүн бир канча убакыттан бери Бишкек шаарынын жарандарына гашишти сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп келгени аныкталган.

Кармалган аскер кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголуп, гауптвахтага камалганы маалымдалды.

УКМК апрель айында дагы Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери гашиш саткан системаны түзүүгө айыпталып, кармалганын билдирген.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм, 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG