Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Селден улам Боомдогу жолдор убактылуу жабылды


Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы сел. 30-июль, 2022.
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы сел. 30-июль, 2022.

Бишкек - Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын тиешелүү кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын аталган мекемеден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө министрликтин нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тартылган.

Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.

ӨКМ Ысык-Көлдүн айрым айылдарын сел каптаганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG