Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Түркия Украинадан буудай тарткан алгачкы кеме 1-августта чыгарын маалымдады


Украинанын президенти Владимир Зеленский кемелерге дан азыктарын жүктөө иштери менен таанышкан учуру. Одесс, Украина. 29-июль, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кемелерге дан азыктарын жүктөө иштери менен таанышкан учуру. Одесс, Украина. 29-июль, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрагим Калин төрт тараптуу келишимдин алкагында дан азыктарын ташыган алгачкы кеме Украинадан 1-августта чыгышы мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу ал 31-июлда жергиликтүү Kanal 7 телеканалына курган маегинде айтты.

“Эгер бардык нерселерди тактоо эртеңкиге чейин аяктаса, биринчи кеме эртең порттон чыгып кетиши ыктымал. Эң кеч дегенде кемелер андан аркы күнү чыгып кетиши мүмкүн”,-деди ал.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Андан бир күн өтө электе Орусия Одессадагы портко ракетадан сокку урган. Мындан кийин экспорттоо кайра токтоп калышы мүмкүндүгү айтылган. Украин президенти Владимир Зеленский 29-июлда алар буудайды кемелерге жүктөп жатышканын, сыртка чыгарууга даяр экенин маалымдаган.

Соңку келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG