Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Пелоси Азия сапарында Тайванга барбай турганын маалымдады


Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Азия чөлкөмүнө жасала турган иш сапарынын планын жарыялады. Тизмеде төрт мамлекет – Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея жана Жапония бар. Тайван көрсөтүлгөн эмес.

Президенттен жана вице-президенттен кийинки маанилүү үчүнчү кызматта турган америкалык саясатчы Кытай өзүнүн бир бөлүгү деп эсептеген Тайванга барышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар бир аз мурдараак тараган. Бул Бээжиндин расмий өкүлдөрүнүн сынына кабылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал визитин өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Кытай аскерлери алардын карамагында көптөгөн кыргын салуучу учактар (истребитель) бар экенин эске салып, аралды кайтарууга алышарын маалымдаган.

28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефондон эки саат талкуулашкан.

Маалыматта айтылгандай Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттары "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган. Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бир бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар" деп айтылган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG