Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды 14 күндөн бери издеп жатышат. Издөө иштерине Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз Бишкек, Балыкчы, Каракол шаарларынан, Чүй облусунан жалпы 37 куткаруучу, суучул жана башка адистер тартылды.
Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, кеч кирип кеткендигине байланыштуу 31-июлда саат 21:30да аракеттер токтотулду. Издөө чаралары 1-августта, бүгүн дагы улантылат.
18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жаштагы кыз чөгүп кеткен. Маалыматта айтылгандай, аны ата-энесинин көз алдында көлдүн толкуну алып кеткен.
16-июлда Ысык-Көлдүн тескейиндеги "Аалам Ордо" борборунда эс алып жүргөн эки жаран сууга чөгүп кеткен. 16 жаштагы жигиттин сөөгүн эс алып жүргөндөр алып чыккан, 22 жаштагы тургундун сөөгүн куткаруучулар табышкан. (ErN)