Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Хорватияда кармалган кыргызстандык боюнча иш жүргүзүлүүдө


Босния жана Герцеговина менен Хорватиянын ортосундагы чек ара бекети. Должани (Doljani). 19-июнь, 2021-жыл.
Босния жана Герцеговина менен Хорватиянын ортосундагы чек ара бекети. Должани (Doljani). 19-июнь, 2021-жыл.

Хорватияда мыйзамсыз ишке барды деп шек саналып, камакка алынган кыргызстандык жаран боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жусубакунова 1-августта "Азаттыкка" билдирди. Москвадагы элчиликке Орусиядан тышкары бир катар мамлекеттер, анын ичинде Хорватия менен дипломатиялык алакаларды жүргүзүү тапшырмасы да жүктөлгөн.

Маалымат боюнча Хорватиянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген жарандын аты-жөнү Б.Н.

Быйыл жыл башында Венгрияда "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары кармалышкан.

Мажар полициясы билдиргендей, алар сириялык жана ооганстандык жарандарды Батыш Европаны көздөй ташып баратканда колго түшкөн.

Венгриянын полициясы январь айында мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан кыргызстандык, украиналык жана молдовалык үч айдоочу кармалганын 8-февралда билдирген.

Айтылган маалыматка караганда 7-январдан 8-январга караган түнү Венгриянын түштүгүндөгү Сербия менен чектеш Бач-Кишкун аймагынын үч башка бөлүгүндө үч автоунаа токтотулган.

Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары айдап бараткан автоунааларда баш-аягы 26 мыйзамсыз мигрант болгон. Алар тек-жайын бышыктоочу, Венгрияда мыйзамдуу жүрүүгө уруксат берүүчү документтерин көрсөтө алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG