Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Спортчулар таэквондо боюнча Дүйнө чемпионатында эки алтын, төрт күмүш утушту


Нидерланддын борбору Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү өткөн Дүйнө чемпионатында спортчуларды сыйлоо аземи.
Нидерланддын борбору Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү өткөн Дүйнө чемпионатында спортчуларды сыйлоо аземи.

Кыргызстандык спортчулар таэквондонун ITF түрүнөн Дүйнө чемпионатына катышып, эки алтын, төрт күмүш медал утушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган федерациянын өкүлү Малика Турганбаева билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Нидерланддын борбору Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандан 13 спортчу катышты.

12-13 жашка чейинки кыздар арасында 45 килограммга чейинки салмакта Диана Ким жана 14-17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 60 килограммга чейинки салмакта Искак Аскарбеков алтын медал утуп алышты.

Ал эми 14-17 жашка чейинки балдар арасында 50 килограммга чейинки салмакта Владимир Хегай күмүш медалга ээ болду.

Чоңдор арасында 76 килограмм салмакта Артём Прибытко күмүш, кыз-келиндер арасында 50 килограммга чейинки салмакта Айканым Асаналиева, 55 килограмм салмакта Алтынай Рыскулова күмүш медал тагынып, экинчи орунду ээлешти.

Таэквондо спорту Кореяда пайда болгон. Ал таэквондо WTF жана таэквондо ITF деп эки түргө бөлүнөт. Таэквондо WTF түрүндө спортчулар таймаш учурунда жалаң бут менен гана сокку ура алат. Ал эми таэквондо ITF түрүндө кол-бут менен атаандашына сокку урат.

Таэквондонун WTF түрү Олимпиада оюндарынын программасына кирген.

Кыргызстанда таэквондонун эки түрү тең эми өнүгүп баратат. Ар бир түрүнөн эки-үчтөн федерациялары бар.

XS
SM
MD
LG