Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Орусияда доллар менен еврого кирген чектөө 2023-жылга чейин узартылды


Орусиянын рубли жана АКШнын доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын рубли жана АКШнын доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Борбордук банкы банктардагы эсептен чет элдик валютаны чыгарып алууга байланыштуу чектөөнү 2023-жылдын 9-мартына чейин узартты. Бул тууралуу мекеменин Телеграм каналында кабарланды.

Чектөөлөр быйыл мартта Орусия Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин кирген. Башында чектөө бардык чет элдик валюталарга кирген, кийин доллар менен еврого гана сакталып калган.

Учурда жарандар банктык эсебинен 10 миң долларга, 10 миң еврого чейин гана акчаны чыгара алат. Калган сумма рубль менен гана берилет.

Мындан сырткары накталай валютаны жеке адамдарга сатууда да бир катар эрежелер кирген. Банктар 2022-жылдын 9-апрелинен кийин кассасына түшкөн евро менен долларды гана сатууга укуктуу болгон. Мындай чектөөлөр 9-сентябрга чейин деп каралган эле.

Борбордук банк чектөөлөрдүн мындан ары дагы алты айга узартышынын себебин Орусияга каршы салынган санкциялардын сакталып турушу менен түшүндүргөн. Анда орусиялык финансылык институттар батыш өлкөлөрүнөн накталай валюта алып келе албай жатканы белгиленген.

Орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Москвага салынган санкциялардын алкагында АКШ доллар банкнотторун, Европа Биримдиги евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Улуу Британия дагы санкциялык чара катары британ улуттук валютасы – фунт стерлингди Орусияга накталай жеткирүүнү тыйып койгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG