Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Иранда бахаи дининин лидерлери кармалды


Бахаи дининин символу.
Бахаи дининин символу.

Ирандын Коопсуздук кызматынын агенттери бахаи дининин бир нече лидерлерин камакка алып, ага ишенген ондогон жарандардын үйлөрүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу кабарлады.

Радио кызматкерлери Тегеран шаарында Махваш Сабет Шахриардын жана Фариб Камалабаддын, Кереж шаарында Афиф Наими жана Саман Аствардын камалганын такташты. Сари шаарынын тургуну Сохи Табети менен Казвин шаарынын тургуну Бехнам Мумтази да камалгандардын арасында экени маалым болду.

Жарандык активист жана мурдагы саясий туткун Араш Садеги Твиттердеги баракчасында аталган динди тутунган кеминде 15 адам кармалганын жазды.

Кармалгандар Афиф Наими, Фариб Камалабад бахаи жамаатынын белгилүү лидерлери болуп саналат. Алар Ирандын улуттук коопсуздугуна шек келтирди деп камалып, 10 жыл абакта олтургандан кийин жакын арада эле бошотулган болчу.

“Фарда” радиосу менен маектешкен учурда Бахаи жамаатынын дүйнөлүк уюмунун Женевадагы өкүлү Симин Фахандей Иранда бахаилерге карата чабуул күчөгөнүн маалымдаган.

Бахаи динин тутунгандар Иранда 300 миң адам деп саналат, дүйнөдө алардын саны 5 миллионго жетет. Алардын ишеними Ирандын Конституциясында расмий түрдө таанылган эмес, ошол себептүү алар улам-улам куугунтукка кабылып келет.

Ирандын Жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи бир нече жолу бахаи динин кармангандарды сынга алган, 2018-жылкы фатвасында алар менен байланышууга тыюу салган.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин бул өлкөдө жүздөгөн бахаи дининин өкүлдөрү камакка алынган. Кеминде 200 адам өлүм жазасына тартылган. Башка миңдеген адамдарга жогорку билим алууга тыюу салынган жана алардын мүлктөрү мамлекетке тартып алынган. Бахаилердин мүрзөлөрү улам-улам талкаланып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG