Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Депутат Бекешев Данияр Үсөновго тиешелүү экени айтылган 20 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди


Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) Беларус президенти Александр Лукашенкого бизнес долбоору тууралуу маалымат берүүдө.
Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) Беларус президенти Александр Лукашенкого бизнес долбоору тууралуу маалымат берүүдө.

Депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармактагы жазган маалыматы боюнча мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2005-жылы Ысык-Ата районунда алган 20 гектар жер жакында мамлекетке кайтарылды.

Бекешевдин айтымында, «Прайм-Строй» деп аталган компания жерди бекер алган. Ошол эле 2005-жылы Казакстандын «Темирбанкы» менен келишим түзүлүп, жер күрөөгө коюлуп, «Прайм-Строй» жылдык үстөгү 21 пайыз менен 6 миллион доллар каражатты үч жылга алган.

«Прайм-Строй» үй курмак, бирок антпей акча тапты, эми жерди мамлекетке кайтаруу адилеттик болот», - дейт Дастан Бекешев.

Анын пикиринде, жер 2022-жылдын март айында соттун чечими менен кайтарылган.

Мамлекеттик органдар бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Данияр Үсөнов премьер-министрлик кызматтан 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин кеткен. Ал оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG