Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Евразия экономикалык биримдигинин "Агроэкспресс" долбоору жакында иштей баштайт


Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммити. 2014-жылдын 29-майы.
Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммити. 2014-жылдын 29-майы.

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин айыл чарба жана тамак-ашты темир жол аркылуу ташый турган «Евразия агроэкспресси» долбоору жакынкы айларда ишке кирет. Бул тууралуу биримдиктин өнөр-жай жана агро өнөр-жай комлекси министри Артак Камалян билдирди.

"Менимче, долбоор түпкүлүгүндө бүтүп калды. Ал экспорттук продуктыларды чет мамлекетке сатууга жана Кытайга багытталган", - деди ал. Министрдин кошумчалаганына караганда мүчө мамлекеттерде экспорттун көлөмү азайып кеткендиктен долбоор бир аз кечеңдей түшкөн.

Евразия экономикалык биримдиги уюму 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан да кошулган.

Орусия Украинага кол салгандан тартып жылпы экспорттун багыттары бир катар мамлекеттерде өзгөрдү. 21-июлда Борбор Азиядагы беш мамлекеттин президенттери Чолпон-Ата шаарында жолугуп, чыгарган товарлары менен азык-түлүктү чет мамлекеттерге биргелешип сатууну талкуулашкан.

Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев бул маселеге басым жасап, темир жана авто жолдор аркылуу товар ташуунун жаңы багыттарын орток иштетүүнү айтышкан. Өзбекстандын мамлекет башчысы Түштүк Азия мамлекеттерине өзгөчө көңүл бурууну козгогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG