Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

ТИМ БУУнун таза аба боюнча резолюциясын колдой турганын жарыялады


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныган резолюциясын колдой турганын билдирди. Мындай мазмундагы билдирүүнү тышкы саясат мекемеси 2-августта жарыялады. Маалыматка ылайык, Кыргызстан Улуттар Уюмунун экологиялык резолюциясына процедуралык жагдайлардан улам добуш бербей калган.

"Бул позиция Кыргызстан аталган резолюцияга каршы чыкты дегенди билдирбейт. БУУнун Башкы ассамблеясында алгач жолу каралган резолюциянын долбоору менен таанышууга автор-өлкөлөр өтө кыска убакыт беришти. Азыркы тапта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен өлкөнүн позициясын аныктоо боюнча макулдашуу жараянын аяктады. Жыйынтыкта аталган резолюцияны колдоо чечими кабыл алынды. Буга байланыштуу БУУнун Башкы ассамблеясынын эрежелерине ылайык, Кыргызстан жакынкы мезгилде бул резолюция боюнча соңку позициясын БУУнун катчылыгына жөнөтөт", - деп айтылат.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык демилгелерди колдой турганын кошумчалаган.

БУУнун Башкы ассамблеясы таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныды. Уюмдун 28-июлда кабыл алган резолюциясын дүйнөнүн 161 өлкөсү колдогон. Сегиз мамлекет, анын ичинде Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү документти кабыл алууда добуш бербегени белгилүү болгон.

Мындан соң өлкөдөгү эколог, юрист, эл аралык укук боюнча адистер Кыргызстандын соңку позициясын сындап чыккан.

«Азаттык» БУУдагы соңку позиция боюнча 1-августта Тышкы иштер министрлигине кайрылганда, аталган мекеме "Улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен азыркы этапта бул чечимди кабыл алууга эртелик кылат деп эсептейбиз" деп жооп берген эле.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG