Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Дүкөндөгү видеосу тараган жетекчи кечирим сурады, ага эскертүү берилди


Акжолтой Тукунов.
Акжолтой Тукунов.

Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновго эскертүү берилди, ал дүкөндөгү окуяга байланыштуу кечирим сурады. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-августта аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Анда дүкөндөрдөгү баалар боюнча мониторинг дайыма эле, жумуш маалында жана дүкөндүн тийиштүү өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлүп турары, атайын сурамжылоо баракчалары толтурулушу керектиги, соодагерлер мекеменин бул ишине түшүнүү менен мамиле кылары, бирок видеосу интернетте тарап жаткан мындай окуя биринчи жолу катталганы айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, Тукунов ал дүкөндү текшерейин деген ою болбогонун, себеби ал жакка сатып алуучу катары жана жумуш маалында эмес киргенин, бирок айрым социалдык маанилүү товарлардын баасы өтө кымбат болгондуктан ошону белгилеп койгусу гана келгенин айтып берген.

Тукунов өзү чөнтөк телефонуна тартып, “Фейсбук” баракчасына жайгаштырган, бирок кийин кайра өчүрүлгөн видео азыр интернетте кызуу талкууланууда. Андан Тукунов “Мен антимонополиянын төрагасынын орун басарымын” деп айтып жаткан, кызматкерлердин биринин “Сиз бул жакка келип, видеого тартып, текшерүү жүргүзүүгө уруксатыңыз барбы? Көрсөтүңүз” деген суроосуна “Уруксат кагаз жок” деп жооп берип жатканын көрүүгө болот.

Мекеме билдиргендей, окуя 31-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы «Березка» дүкөнүндө кечки саат 10 чамасында болгон.

“Фейсбук” аркылуу коомдогу ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип, соңку учурда казино мыйзамына кескин каршы чыгып, ар кандай акцияларга активдүү катышып келген Тукунов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп быйыл июль айында дайындалган. Бул мекеме Экономика жана коммерция министрлигине карайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG