Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

Украинанын Донецк облусунда милдеттүү эвакуация башталды


Украинанын картасы. Жикчилдер 2014-жылдан бери ээлеп турган аймактар кызыл менен белгиленген.
Украинанын картасы. Жикчилдер 2014-жылдан бери ээлеп турган аймактар кызыл менен белгиленген.

Украинанын Донецк облусунун тургундарын коопсуз аймактарга чыгарып кетүү боюнча милдеттүү эвакуация башталды. Бул тууралуу украин вице-премьер-министри Ирина Верещук Телеграм каналында билдирди.

Алгачкы поезддер Кропивницкий шаарына келди. Анда аялдар, балдар, карылар жана ыкчам кыймылдай албай турган адамдар биринчи чыгарылып кете турган болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 31-июлда Донбасс аймагындагы жарандар коопсуз аймактарга милдеттүү түрдө эвакуацияланарын жарыялаган. Бул аймакка Луганск менен Донецк облустары кирет, чыгарып кетүү негизинен бир эле облустун аймагында жүрөрү кеп болду.

"Бул канчалык ыкчамыраак ишке ашса, Орусия ошончолук азыраак зыян келтирет",- деп айткан өз билдирүүсүндө Зеленский.

Президенттин кайрылуусун чечмелеген вице-премьер Ирина Верещук Донецк облусунан жалпы 200 миңдей адам эвакуацияланарын тактады. Ал сөзсүз чыгып кетүүгө дагы бир жүйө катары аймактын инфратүзүмдөрү талкаланганын, кышта жылуулук берүү такыр мүмкүн эмес экенин айтты. Верещук чыгып кеткиси келбегендер кагаз жүзүндө баш тартып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө өзү жоопкерчилик алышы керектигин кошумчалады.

Донецк менен Луганск облустарындагы көпчүлүк аймактарды сегиз жылча убакыттан бери ансыз да жикчилдер ээлеп отурушкан. Быйыл февралда Орусиянын аскерлери басып киргенден кийин украин бийлиги бул аймактагы дагы бир нече шаар-кыштактарын алдырды. Ошого карабай облустун башка аймактарындагы элдин баары коопсуз жакка чыгып кеткен эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG