Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Пакистанда аскердик тик учак кулап, алты адам өлдү


Пакистандын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда бир күн алдын жоголуп кеткен тик учак кырсыкка кабылган абалда табылды. Өлкө бийлиги анда бир генерал жана беш аскер каза болгонун маалымдады.

Тик учак 1-августта өлкөнүн түштүк-батыш жагында селден улам жабыркаган райондорго жардам берүү операциясын уюштуруп жатып, Белужистан провинциясындагы диспетчердик түйүн менен байланышпай калган. Кырсыкка аба ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүн деп айтылды.

Катуу жааган жамгыр жана андан улам чыккан кыян ушул күндөрү жалпы өлкө боюнча 500дөй адамдын өмүрүн алды. Анын ичинде 150 киши Белужистан провинциясында өлдү.

Пакистандын президенти Ариф Али, премьер-министри Шахбаз Шариф жана башка жогорку аткаминерлер каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG