Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Нэнси Пелоси Тайванды көздөй учкандан кийин Flightradar24 сайты иштебей калды


Flightradar24 сайты дүйнөдөгү бардык учактардын учуусун онлайн көрсөтүп турат. Иллюстрациялык сүрөт.
Flightradar24 сайты дүйнөдөгү бардык учактардын учуусун онлайн көрсөтүп турат. Иллюстрациялык сүрөт.

Азия чөлкөмүнө иш сапар менен жүргөн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагын 2-августта Flightradar24 сайтында 300 миңдей адам онлайн күзөтүп турган маалда сервис иштебей калды. Буга "Медуза" басылмасы көңүл буруп, жазып чыкты.

Тайвандын тегерегиндеги кырдаал курчуп кеткенден улам бул учууга кызыгуу болуп жатат. Алгач ал Тайванга келери айтылып, кийин анын иш сапарынын планында аталган өлкө жок экени ачыкка чыккан.

Пелоси өзү Тайванга барарын төгүндөгөн да, ырастаган да эмес. “Америка добушу” медиасына билдиргендей, тайвандык басылмалар ал 2-августта жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22:30дарда аралга барарын жазып жатышат. Конгресстин делегациясы анда Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугат деп күтүлүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал визитин өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Кытай аскерлери алардын карамагында көптөгөн кыргын салуучу учактар (истребитель) бар экенин эске салып, аралды кайтарууга алышарын маалымдаган. Бээжин ушул тапта Тайвандын жанында аскердик машыгуу өткөрүүдө.

28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын айланасындагы маселелерди телефондон эки саат талкуулашкан.

Маалыматта айтылгандай Байден Тайван боюнча расмий Вашингтондун позициясы өзгөрбөгөнүн айтып, Кошмо Штаттары "аралдын азыркы абалын өзгөртүүгө же анын тынчтыгы менен бейпилдигин бузууга чечкиндүү каршы турарын" кошумчалаган. Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Тайванды өз аймагынын ажырагыс бир бөлүгү катары карай турганын белгилеген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “ким от менен ойносо ал күйөт. Кошмо Штаттары буга сергек мамиле жасайт деген үмүт бар" деп айтылган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG