Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

4-августта айрым аймактарда өткүн өтөт


Бишкек-Ош жолунун четиндеги боз үй.
Бишкек-Ош жолунун четиндеги боз үй.

Кыргызгидромет кызматы 4-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтө турганын кабарлады. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,

Бийик тоолуу жерлерде түнкүсүн -1...+4, күндүз 10..15°.

Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33° болот, өткүн өтөт.

XS
SM
MD
LG