Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Азимбек Бекназаров Кумтөр келишиминде Кыргызстан утулганын билдирди


Азимбек Бекназаров. 2020-жылдын 16-октябры.
Азимбек Бекназаров. 2020-жылдын 16-октябры.

Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде кыргыз өкмөтү утулганын билдирди.

Бул тууралуу ал 3-августта жергиликтүү медиалардын бирине берген интервьюсунда айтты.

«Эң аянычтуусу, «уттук» деп жаткан жаңы келишим менен, «Кумтөр» алтын кениндеги «коррупцияны жана коррупционерлерди» өздөрүнүн колу менен легалдаштырып, чекит коюлганы болуп жатат», - деген Бекназаров.

Азимбек Бекназаров Кыргызстан «Центеррага» же башка кимдир-бирөөгө Кумтөрдөгү коррупциялык схемалар боюнча эч кандай күнөө коё албаганын, экологиялык доодон да баш тартканын сындаган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания өлкөгө экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келатканы негиз катары көрсөтүлгөн.

Азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылган мамлекеттик комиссия былтыр жазда "Центерра голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок быйыл 24-майда Бишкек шаардык сотунда “Кумтөр голд компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айып кайрадан жокко чыгарылган. Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр голд компанинин” 2021-жыл үчүн тараткан билдирүүсүндө өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казылганы, аны сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. доллар экени айтылган. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше – 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG