Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Тоолуу Карабакта жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланды


Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган башчысы Арайк Арутюнян жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча жарлыкка кол койгонун орусиялык Интерфакс агенттиги билдирди.

Мындай чечим аймакта азербайжан-армян талашы курчуп турган учурда кабыл алында. Өзүн эгемендүү деп жарыялаган аймактын аскерлери Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз учактарынын чабуулунан эки аскер кызматкери каза таап, бир нече жоокер жарадар болгонун кабарлады.

Өз кезегинде Баку анын аскер кызматкери Армениянын ок атуусунун натыйжасында Лачын районунда каза болгонун маалымдады.

Тоолуу Карабакты коргоо армиясы орусиялык аскерлер менен чогуу чөлкөмдө кырдаалды турукташтыруу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады. Армениянын бийлиги окуяны комментарийлей элек.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG