Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Жапонияда нөшөрдөн улам 100 миңден ашуун адамга жай которуу сунушталды


Жапонияда 2021-жылдагы нөшөрдөн улам сел жүргөн аймак.
Жапонияда 2021-жылдагы нөшөрдөн улам сел жүргөн аймак.

Жапониянын Хонсю аралында нөшөр жана жер көчкү коркунучунан улам 100 миңден ашуун адамга убактылуу жай которуу сунушталды. Бул тууралуу 4-августта NHK телеканалы билдирди.

Үйлөрдөн чыгып, эвакуациялоо борборлоруна көчүү буйругу Ниигата, Ямагата, Аомори, Фукусима префектураларынын бир катар аймактарына да тиешелүү. Бул жерлерде жаандан улам бир нече дарыялар жээгинен ашып кетти.

Ямагатада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ылдам поезд каттамдары токтоп турат, бир нече жол жабылган. Жүзгө жакын үйдү суу каптаганы кабарланды. Ниигатада эки миңдей үйдө электр жарыгы өчүрүлгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно Токиодогу басма сөз жыйынында маалымат чогултуу үчүн премьер-министрдин кеңсесинде чукул штаб түзүлгөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG