Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

5-августта айрым аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 5-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Нарын дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус ысык.

​
XS
SM
MD
LG