Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Ысык-Көлдө июнь айындагы жутта 786 кайберен өлгөнү ырасталды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр.

Борбордук Тянь-Шандагы Ак-Шыйрак, Сары-Жаз, Эңилчек кырка тоолорунда жана Сырт өрөөнүндө жапайы жаныбарлар, анын ичинде кайберендер быйыл июнь айынын башындагы табият кырсыгынан кырылган учурлары белгилүү болду.

4-августта "Азаттык" радиосуна Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинен билдиришкендей, быйыл туут маалында "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунда жана анын жака-белиндеги тилкелерде 786 кайберен өлгөнү ырасталды. Алардын 540ы аркар-кулжа, 246сы тоо теке.

Көз карандысыз экологдор быйыл кайберен туут маалында көп кырылган кырдаалды эске алып, өкмөткө эл аралык мергенчиликке убактылуу тыюу салууну сунуштап жатышат.

"Өтө чоң кыйроо болду. Кийиктин улактары, аркардын козулары эми-эми туулуп, чоңоюп жаткан кезде болду жанагы апаат. Ошондуктан быйыл мергенчилик сезонун кыскартыш керек. Жаныбарларды кичине болсо да эс алдырайлы деген сунуш. Элик, аркар жана тоо теке. Ушуларды атууга убактылуу тыюу салып туралы", – деди маралды жайылтуу долбоорун жетектеген Гамал Сооронкулов.

Корукчулар, жергиликтүү жана эл аралык экологдор быйыл июнда жааган калың карда ачарчылыктан кырылган кайберендердин тарпын күрткү эриген тоо кыркаларынан таап, видеого тартып, интернетке жайгаштырышкан.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жапайы тоо текелердин кырылышына тоолорго кар калың жаагандыктан, табигый тоюттун жоктугу себеп болгонун 10-июнда “Азаттык” радиосуна Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирген.(KJ/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG