Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстан "Ал-Каидага" байланыштуу маалыматты төгүндөдү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги чет элдик маалымат каражатына чыккан "Ал-Каида" анабашын жок кылган учкучсуз учак "Манас" аба майданындагы АКШнын "Ганси" аскер базасынан учурулган" деген кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Элчиликтин маалыматында, "Манастагы" эл аралык жүк ташуучу база 2014-жылы жабылып, учурда аэропортто америкалык же башка чет элдик аскердик база жок экени белгиленген.

Пакистандык англис тилдүү Dawn басылмасы "Ал-Каида" террористтик уюмунун анабашын жок кылган учкучсуз учак "Манас" аба майданындагы "Ганси" аскер базасынан учурулганын жазган. Бирок маалыматтын булагын так көрсөткөн эмес.

2014-жылдын 3-июнда "Манас” аба майданындагы транзиттик борбордун жабылуу аземи өтүп, ачкыч кыргыз тарапка тапшырылган.

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы теракттардан кийин Вашингтон менен Бишкек макулдашуусунан кийин “Ганси” базасы ошол жылдын декабрь айында ачылган. (TSh)

E

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG