Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 07:26

Запорожье атомдук электр станциясынын бир бөлүгү өчүрүлгөнү кабарланды  


Запорожье атомдук электр станциясы. 2008-жыл.

Украинанын "Энергоатом" компаниясы 6-августта Запорожье атомдук электр станциясындагы үч блоктун бири өчүрүлгөнүн билдирди.

“Запорожье атомдук электр станциясынында жасалган чабуулдан улам авариялык коргонуу системасы иштеп, үч энергоблоктун бири өчүрүлдү”, - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Украинанын президенттинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак муну Орусиянын "өзөктүк терроризми” деп атады.

Жакында эле Запорожье атомдук электр станциясы аткылоого кабылган. Соккулардын бири жогорку чыңалуудагы электр зымдарынын бирине тийген. Кийинчерээк компания “Луч” электр станциясы талкаланып, алты кичи район жарыксыз калганын кабарлаган.

Экинчи аткылоодо соккуулар өзөктүк реактор жайгашкан бөлүккө тийген. Компаниянын айтмында, мындай кырдаалда радиоактивдүү заттар чыгып кетүү тобокелчилиги бар.

Орусия бул чабуулга украин аскерлерин айыптайт. Согушту изилдөө институту кайсы тарап аткылаганын аныктоо мүмкүн болбой жатканын маалымдады.

Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына орус аскерлери кирип, кандайдыр бир жүк түшүрүп жатканы тартылды делген видеону The Insider басылмасына булактары 2-августта жөнөткөн. Ал маалыматта станциянын машина залына мина коюлганы айтылат. Башка маалымат боюнча жардыруучу каражат станциянын айланасына коюлган.

Согуштук кырдаалда бул маалыматты бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG