Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Тайван Кытайдын аралдагы аскердик машыгууларын айыптады


Кытайдын аскердик тик учактары. Тайван, 4-август.
Кытайдын аскердик тик учактары. Тайван, 4-август.

Тайван бийлиги кытай армиясы машыгуу маалында аралга чабуул жасоону тажрыйбадан өткөрүп жатканын билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Тайвандын Коргоо министрлиги маалымдагандай, 6-августта Кытайдын 20 аскердик учагы жана 14 кемеси аралдын айланасында операция өткөрдү. Бир нече учак Тайван менен Кытайдын ортосундагы демаркация чеги деп эсептелген Тайван кысыгынын орто сызыгын кесип өттү. Тайвандык аскерлер реактивдүү учактарды абага учуруу менен жооп кайтарышты.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткенден кийин Кытай 4-августта Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта ок атуучу аскердик машыгууларды баштады. Ал жекшемби күнү аяктайт деп күтүлүүдө.

Пелоси акыркы 25 жылда аралга учуп келген эң жогорку даражалуу америкалык саясатчы болуп калды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Бул сапарга байланыштуу Кытай Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG