Кыргызгидромет кызматы 8-августка караган түнү Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Нарын жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19...24, күндүз 31...36,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 29…31°.