Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды


Алмазбек Атамбаев сот залында
Алмазбек Атамбаев сот залында

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды. Президент Садыр Жапаров жана күч органдарынын жетекчилерине жолдонгон кайрылууда Султанбеков мурдагы президент абакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып турганын эске салган.

Ал Азиз Батукаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиевге алмашуу боюнча атайын операциясынын алкагында бошотулганын, бирок кийин бул план ишке ашпай калганын билдирген. Андан соң Азиз Батукаевди кармап келип, камакка алуу боюнча аракеттер жүргөнүн, бирок экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда бул иш толугу менен токтоп калганын белгилеген.

Буга байланыштуу кайрылууда Султанбеков өлкө бийлигинен кримтөбөл Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча аракеттерди жандантууну, Батукаевдин бошотолулушу боюнча ишти Жогорку сотто кайра кароону жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына бошотууну суранган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон.

Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин четиндеги "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” билим берүү мекемелеринин түркиялык он демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иштери боюнча алгач айыпталып, кийин соттун чечими менен акталган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Андан сырткары Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттап келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG