Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Косово полицияга жасалган чабуулду «мыйзамсыз серб топторунан» көрдү


Косовонун Сербия менен чек аралаш аймагындагы НАТОнун жоокерлери.
Косовонун Сербия менен чек аралаш аймагындагы НАТОнун жоокерлери.

Косовонун ички иштер министри Желал Свечлия 6-августта чек ара полициясына кол салган «мыйзамсыз серб топторун» өкмөттүн ишине тоскоолдук жаратып жатат деп айыптады. Ал ошондой эле өлкөгө Сербия аркылуу кирүүгө аракет кылган орусиялык журналисттин кармалышын Москва Косовдогу кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөрүнүн бир белгиси деп атады.

Косово бийлиги билдиргендей, 6-августта Сербия менен чектеш аймактагы Зубин-Поток шаарына жакын жердеги полиция бөлүмү аткылоого туш болгон. Ал жактарда негизинен этникалык сербдер жана албандар отурукташкан.

Ошол эле күнү Сербия тараптан чек араны мыйзамсыз өтүп келаткан орусиялык журналист Дарья Асламова кармалганы белгилүү болгон. Свечлия «Комсомольская правда» гезитинин кабарчысын орус чалгын кызматтарына иштейт деп айыптады. Ал ошондой эле Асламовага ишмердүүлүгү үчүн бир катар өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Журналистке 2017-жылы Молдовага кирүүгө тыюу салынган.

Сербия менен Косовонун ортосундагы кырдаал расмий Приштина коңшу мамлекеттен каттагандардын документтерине жана автоунаасынын номуруна жаңы талап кире турганын жарыялагандан кийин 1-августта курчуп кеткен. Мындан улам жаңы эрежени киргизүүнүн мөөнөтү 30 күнгө жылдырылган.

Орусия Сербиянын негизги союздаштарынын бири жана Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт. Косово Орусиянын Украинага кол салышын айыптаган. Өлкө түштүгүндө 50 миңдей этникалык сербдер отурукташкан. Батыштын колдоосуна ээ Косовонун эгемендигин дүйнөдөгү 100дөн көп мамлекет тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG