Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

"Медиазона" орус абактарында Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканын жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Медиазона" басылмасы Орусиянын абактарында Украинадагы согушка азгырүү жүрүп жатканын жазды. Бул тууралуу журналисттерге Ярослав жана Тула облустарынын абактарында жазасын өтөп жаткандар айтып беришкен. Маалыматка караганда, абакка келген белгисиз адамдар аларды жеке аскердик компаниянын курамында Украинага барып согушууга чакырышкан. Бул үчүн камактагылардын соттуулугун жоюуну жана жакшы акча төлөп берүүнү убада кылышкан.

Камактагылар кошумчалагандай, келишимге макул болгондорго айына 100 миң рубль жана ушундай эле өлчөмдөгү сый акы төлөп берилери айтылган. Ал эми курман болсо үй-бүлөсүнө беш миллион рубль төлөп берүүгө сөз беришкен. Андан тышкары алар атайын машыгуудан өтөрүн, Украинанын аймагына тик учак менен жеткирилип, андан ары чыныгы жоокер болорун айтышкан.

Буга чейин орус абактарында жазасын өтөп жаткандарды Украинадагы согушка азгыруу болуп жатканын 2-июлда Gulagu.net укук коргоо долбоору жазып чыккан. Кийин бул маалыматты "Важные истории" басылмасы өз булактарына таянып ырастаган.

Июлдун соңунда журналист жана укук коргоочу "Настоящее время" каналына курган маегинде Украинада бир нече камактагы адам каза болгонун билдирген.

"Азаттык" Орусиядагы мигранттардын арасында дагы Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG