Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Кыргызстандан Германияга жумушчуларды жөнөтүү тууралуу келишим түзүлөт


Дрезден шаары.
Дрезден шаары.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык эмгек агенттигинин ортосунда миграция боюнча меморандумга кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал немис өнөктөштөр сентябрда Бишкекке келип, эки тараптуу келишим менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүү болорун айтты. Ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз жарандары Германияга барып иштей алышат.

Текебаев кыргыз жаштарын Германиянын Саксония федералдык аймагына барып иштөөгө чакырган видеокайрылуусун Фейсбукка жарыялады.

Ал технологияны түшүнгөн адистер ал жака барып иштесе болорун, Германиядан, жалпы эле Европадан билим алып, тажрыйба топтоо кыргызстандыктарга пайда экенин белгиледи.

Элчи Саксониянын борбору Дрезден шаарында Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агенттигинин регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушкан. Алар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды талкуулашкан.

Расмий эсепте Германияда 10 миңге жакын кыргызстандык жашап, иштейт.

Буга чейин Кыргызстан эки тараптуу келишимдин негизинде Британияга жарандарды ишке жөнөткөн. Ошондой эле Жапония менен ушундай келишим түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG