Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Зеленский Орусия Запорожье атомдук электр станциясын аткылап жатканын билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын армиясы Запорожье атомдук электр станциясын аткылап, "олуттуу коркунуч" жаратып жатканы үчүн Москвага каршы жаңы эл аралык санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал 6-августтун кечинде жасаган билдирүүсүндө айтты. Орусия көзөмөлдөгөн аймакта болуп жаткан атышуулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жаткан.

"Баскынчылар Запорожье атомдук электр станциясын аткылоо менен Европанын жашоочуларынын өмүрүнө тобокелчилик жаратты. Бул континеттеги эң ири АЭС. Ага кол салуу террордук акт. Орусия АЭСке коркунуч жаратканы үчүн жоопкерчилик тартыш керек. Бул Орусияны террочулуктун демөөрчүсү деп саноого жана Орусиянын атомдук тармагына катаал санкцияларды салууга дагы бир себеп",- деди Зеленский.

Украинанын бийлиги билдиргендей, орус күчтөрүнүн аткылоосунан Запорожьеде жогорку чыңалуудагы электр зымдары жабыркаган. Бирок завод ишин токтоткон жок жана радиоактивдүү заттардын абага чыгышы байкалган эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги атомдук электр станциянын айланасындагы кырдаалдын курчушу үчүн украин тарапты айыптады.

6-августта Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаель Мариано Гросси атомдук электр станциясынын айланасындагы атышууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кырдаал «өзөктүк алаамат» тобокелчилигин жогорулатып жатканын айтты.

Ал тараптарды атышууну тез арада токтотууга чакырды.
Орус армиясы Запорожье атомдук электр станциясын марттын башында басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG