Кыргызстанда 180 миңден ашуун жарандын өлкөдөн чыгышына соттун чечими менен бөгөт коюлган.
Алардын көпчүлүгүн алган насыяларын кайтарбагандар, алименттерин төлөбөгөндөр, салык боюнча карызы барлар жана ар кандай айып пулдарын төлөбөй жүргөндөр түзөт. Аларга сот аткаруу тутуму тарабынан карызды өндүрүү үчүн чек ара өткөрмөлөрүнөн өтүүгө тыюу салынган. Айрыкча жол эрежесин бузуп, жазана салынып, бирок анысын билбестиктен төлөбөй жүргөн жарандар чет өлкөлөргө учуу үчүн билет алып, бирок аба майданынан артына кайтарылган учурларды жеринен чечүү жөнгө салынбаганы белгиленди.
Карызга жашоого көнгөн өнөкөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот аткаруу департаментинин маалымат базасында быйыл июль айына карата 180 миңден ашуун адамдын соттук карыздары катталган.
Алар - банктардан алган насыяларын кайтарбаган, мамлекетке салык боюнча карыз болгон, балдары үчүн алименттерин жана ар кандай мүнөздө салынган айып пулдарын төлөбөй жүргөндөр.
Мыйзамга ылайык, сот чечимдеринин негизинде аталган жарандардын темир жол, автоунаа жана аба жолдору аркылуу өлкөдөн чыгуусуна бөгөт коюлган. Аталган карыздары төлөнмөйүнчө алардын ысымы Мамлекеттик чек ара кызматына берилген базадан өчүрүлбөйт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев калк арасында карызга жашоо өнөкөткө айланып, каржылык тартипти бузгандар көбөйгөнүн белгиледи:
“Негизи карыздарды өз учурунда төлөш керек. Бирок бизде бул нерсе өнөкөт болуп кетти. Бизде азыр ар кандай насыяларды алып, бирок кайтарбай, салыктарын төлөбөй анан арызданып жүрүшөт. Анан буга карата сот чечимдери чыгып, сыртка чыгууга бөгөт койгон чаралар болушу мүмкүн. Бирок бизде бир маселе бар. Биринчиден мына ошондой карызына байланыштуу бөгөт коюлган жарандардын тизмеси болуп, анан ал жактан ар бир мына ошондой карыз бар адамдар өзүн текшерип алып, анан чет өлкөлөргө сапарга чыгышса дурус болот эле. Болбосо чек арадан өтүп жатканда мына ошол бекеттерден текшерип туруп, карызын мына ошол жеринен төлөөгө шарт түзүү зарыл. Бизде азыр калктын көпчүлүгү карызга жашап, насыяларын, алименттерин жана салыктарын төлөбөй жүргөндөр аябай эле көбөйүп кетти”.
Ошол эле кезде Сот аткаруу департаментинин маалымат базасында 180 миңден ашуун адамдын бардыгы эле караөзгөйлүк менен карыздарын төлөбөй жүргөндөр эмес. Алардын арасында жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаар" долбоорунун видеокамерасына илинип, айып пул салынганын билбей туруп, чет өлкөлөргө сапарга чыгып алгандар да бар.
"Айып пулдун айынан умра сапарына барбай калдым"
Бишкектин тургуну Азат Жунусов быйыл жазда умра (кичи ажылык) сапарына баруу үчүн авиабилет сатып алып, бирок "Манас" аба майданынан артка кайткан.
“Мен мурда жол эрежесин бузганымды жана ал үчүн айып пул салынганын билген эмесмин. Умрага сапарга чыгуу үчүн 1500 доллар чыгым кетирип, даярданып, жолго чыккам. Бирок “Манас” аэропортуна барган учурумда мен паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда төлөнбөгөн айып пулум бар экенин айтып, мага учууга уруксат жоктугун эскертишти. Аба майдандан ары өтө албай калдым. Маселени жеринен чечкенге эч кандай мүмкүнчүлүк болбой, 1000 сомдук айып пул тууму менен 2000 сом болгону үчүн 150 миң сомго чыгым болдум. Анткени ошол кездеги курс менен алганда авиабилет үчүн 1500 доллар төлөгөн элем. Авиакомпанияга кайрылсам, ал жактан кошумча акча төлөсөм гана кайра билет сатып алууга мүмкүн экенин айтышты. Эч нерсе кыла алган жокмун. Ошол бойдон сапардан калып калдым”.
Сот аткаруу департаментинин түшүндүрмөсүндө азыркы учурда жарандар арасында алган насыяларын кайтарбай коюу, салык карыздарын жана салынган айып пулдарды төлөбөй жүрө берген өнөкөт күчөп кеткени айтылган. Жарандар чет өлкөлөргө сапар алган учурда алардын өлкөдөн чыгуусуна бөгөт коюлганын көргөндө гана карыздарын кайтарууну эстеп жатканы белгиленди.
Салыктан карызы барларга салынган чектөө
Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков жаңы Салык кодексинин талабы боюнча карызы барларга дагы кошумча чаралар, анын ичинде сыртка чыгууга бөгөт коюу ыкмасы колдонулуп жатканын билдирди:
“Быйыл 1-июлга карата Мамлекеттик салык кызматынын кайрылуусунун негизинде сот чечими менен салык карыздары бар миңден ашуун жарандын сыртка чыгышына бөгөт коюлду. Жаңы Салык кодексине ошондой ченем киргизилген. Салык карызы бар адамдардын өлкөдөң чыгуусуна бөгөттөн сырткары алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн сатып же сатып алып, каттоого, банкалык операцияларды жүргүзүүгө жана аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын дагы өзгөртүүгө тыюу салынган”.
Азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын арасында жана өкмөттө Сот аткаруу департаментинин "кара тизмесин" кайрадан карап чыгып, андагы айып пулдарын же алименттерин төлөбөй жүргөндөр үчүн аба майдандарында, темир жол жана автожол өткөрмө бекеттерининин өзүндө төлөө шарттарын камсыздап, андан ары сапарын улантууга мүмкүнчүлүк берүү маселеси каралып жатканы белгилүү болду.
УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев санариптештирүү долбоорунун алкагында жарандар сапарга чыгардан мурун бөгөт коюлуп, коюлбаганын текшерип алууга мүмкүн экенин билдирди:
“Биздин жарандар сапарга чыгарда жөн эле келе бербей, билет сатып аларда же андан кийин алдын ала өздөрүн Сот департаменттинин сайты аркылуу текшерсе болот. Ошону калкка түшүндүрүп коюш керек. Мындай даттануулар менен бизге деле кайрылып жатышат. Бирок бул маселени биз чече албайбыз. Себеби өлкөдөн чыгууга тыюу салуу чарасын Сот аткаруу департаменти коют. Биз аткаруучу гана органбыз. ”
Карыз бар экенин жана бөгөт коюлганын Сот аткаруу департаментинин сайтынан жеке идентификациялык номур аркылуу текшерүүгө болот. Соттук карыздарды текшерүү тутумун Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет Сот» мекемеси иштеп чыккан. Карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоо чарасы Баш мыйзамдагы адамдын эркин жүрүү укугун чектейт деп сындагандар жок эмес.