Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Amnesty International Украина армиясын айыптаган баяндамасы үчүн кечирим сурады


Чабуулга кабылган Украинадагы мектептердин бири
Чабуулга кабылган Украинадагы мектептердин бири

Amnesty International эл аралык бейөкмөт уюму украин армиясынын аракеттерин сынга алган баяндамасы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты. Бирок уюм баяндамада айтылган маалыматтардан баш тартпай турганын белгилеген.

Өткөн аптада адам укугун коргоочу уюм "Украина орус аскерлерине каршы туруу үчүн калктуу конуштарга аскерий позицияларын жайгаштыруу менен карапайым калкты тобокелге салып жатат" деген мазмунда баяндама жарыялаган. Анда украин күчтөрү эл аралык мыйзамдарды бузуп, калк жашаган аймактарда, анын ичинде мектептер менен ооруканаларга базаларды орнотуу менен карапайым калкка коркунуч жаратып жатканы айтылат.

Бул баяндама Украинада нааразылык жаратып, өлкө президенти Владимир Зеленский аны кескин айыптаган. Украин Куралдуу күчтөрү болсо Amnesty International уюмунун иштеши үчүн аккредитациясын токтотту. Уюмдун Киевдеги кеңсесинин башчысы Оксана Покальчук баяндама менен макул эмес экенин билдирип, кызматтан кетти.

Ал эми баяндама орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында жигердүү чагылдырылып, аны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги колдоп комментарий берди.

XS
SM
MD
LG