Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Июнь окуясы боюнча сот башталды


Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов сот залында. 15-август, 2022-жыл.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов сот залында. 15-август, 2022-жыл.

Июнь окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралып жатат. Алгачкы отурумга Бактыбек Алымбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Исмаил Исаков келишти.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын билдирди. Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдүү жүрүп, 20дай саясатчы суралган. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган. (TSh\ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG