Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Ирандын бийлиги Салман Рушдиге кол салууга тиешеси жоктугун маалымдады


Салман Рушди
Салман Рушди

Расмий Тегеран теги британиялык жазуучу Салман Рушдиге кол салууга “таптакыр” байланышы жоктугун маалымдады. Бул Ирандын бийлигинин 15-августтагы билдирүүсүндө айтылды.

Мурдараак Нью-Йорк штатынын Чаутоква округунун бийлиги 75 жаштагы британиялык жазуучунун өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылганын билдирген. Полициянын маалыматына караганда, Нью-Жерсинин 24 жаштагы тургуну Хади Матар камакка алынды. Анын ата-энеси АКШга Ливандан көчүп барганы белгилүү болду. Матар күнөөсү жоктугун айтууда. Бир катар басылмалар ал Ирандын бийлиги колдогон террордук топтор менен иштешип жүргөнүн жазды.

Окуя 12-августта, Рушди Chautauqua Institution билим берүү борборунда дарс окууга даярданып жатканда болгон. Белгисиз адам сахнага чуркап чыгып, ага бычак сайып, муштуму менен токмоктогон. Жазуучуну тик учак менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Рушдинин көзүн, бетине, мойнуна, ичине жана башка жерлерине бычак тийген.

Бычактан жараат алган жазуучу Салман Рушди 13-августта өз алдынча дем алып, сүйлөй баштаган. Ага чейин ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан.

АКШ президенти Жо Байден, британ премьери Борис Жонсон кол салууну айыпташты. Кошмо Штаттардын мамкатчысы Энтони Блинкен Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары канча жылдан бери Рушдиге каршы зомбулукка шыкак берип келгенин белгилеп, ага кол салынгандан кийин сайрандап жазышканын сынга алган.

1989-жылы Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген китеби жарык көргөндө Ирандын ошол кездеги руханий көсөмү аятолла Хомейни чыгарма “Мухамед пайгамбарга акаарат келтирет” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу фатвасын чыгарган. Жазуучунун башына ири көлөмдөгү сыйлык сайылган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери аятолла Али Хаменеи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.

Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам британ бийлиги 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жерде жашап келген. Бир нече өлкөдө китепке тыюу салынган.

Иран 1998-жылы Британия менен мамилесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хомейни гана жокко чыгара аларын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG