Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Мектептерге бирдей форма киргизилет


2015-жылы ушундай мектеп формасы сунушталган.
2015-жылы ушундай мектеп формасы сунушталган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде 1-11-класстардын окуучуларынын формасы тууралуу талаптарды бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин талабына ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайына, окуу сабактары өткөн жерге, бөлмөнүн температурасына жараша болот.

«Аз камсыз болгон катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса болот» деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

2015-жылы өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимин бекиткен токтом кабыл алган. Анын негизинде өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйрук жокко чыгарылып, ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл, көк, боз түстүү костюмдарды кийүүгө да уруксат берилген.

Көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG