Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Абдил Сегизбаевдин эски видеосу тууралуу “Азаттык Медианын” түшүндүрмөсү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы пикири камтылган видеокайрылуусу 13-августта Фейсбукка жарыяланган.

"Азаттык” радиосунун Жетим-Тоого байланыштуу талаш-талкуу күчөгөн учурда чыккан бул видеонун чоо-жайын тактоо үчүн Сегизбаевдин өзү менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Мындан улам кабарда бул видеонун качан тартылганы маалым эместиги да так белгилеген. Кабардын сайттан алынышына бул видеонун эски экендиги тууралуу интернет колдонуучулардын пикирлери себеп болду. Андыктын Сегизбаевдин өзү менен байланышканга чейин маалымат сайттан убактылуу алынган.

14-августтун кечинде Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигине сурак берип, бул видео мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер болуп катышып жаткан маалда тартылганын тастыктаган.

Бул окуянын тегерегинде соңку жагдай боюнча маалымат толукталып, кайрадан "Азаттыктын" сайтына жарыяланды.

“Азаттык Медиа” мекемеси бул кабардын айланасында жаралган жагдай үчүн окурмандардан кечирим сурайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG