Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бишкек мэриясы окубай калган тогуз жашар бала жөнүндө түшүндүрмө берди


Кыргызстанда мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны ар кандай себептерден улам окубайт.
Кыргызстанда мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны ар кандай себептерден улам окубайт.

Бишкек шаардык мэриясы тогузга чыкканга чейин мектепте такыр окубаган бала тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтардан улам түшүндүрмө берди. Анда Биринчи май райондук администрациясынын тиешелүү кызматкерлери бала жашаган үйгө барганы, аны энесинин бир тууганы багып жатканы айтылат.

"Баланы багып жаткан жаран ал Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында жашаган бир тууган эжесинин уулу экенин, 2014-жылдан бери асырап алуу максатында багып келатканын айтты. Ошондой эле былтыр баланын өз атасы уулун мектепке киргизүү үчүн көлгө алып кеткени менен Чолпон-Атадагы реабилитациялык борборго түшүп калганын, мындан улам жээнин кайра Бишкекке алып келишкенин билдирди. Учурда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, анын асырап жаткан таякесинин паспорту жок экени белгилүү болду. Баланын документин, аны мектепке жайгаштыруу маселелерин чечүү үчүн тиешелүү органдарга материалдар жөнөтүлдү",- деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG