Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Баткенде чакан ГЭСтин биринчи агрегаты курулду


Кыштут айылы
Кыштут айылы

Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭСтин биринчи агрегатынын курулушу аяктап, сыноодон өткөрүлдү. Биринчи агрегаттын электр энергиясын иштеп чыгуудагы кубаттуулугу 1 мегаватт болот. Бул айылга жалпысынан беш каскаддуу чакан ГЭС 20 агрегат менен курулуп, 10 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга турган болот.

Жергиликтүү инвестор каржылап жаткан долбоорго жалпы 7 млн. доллар инвестиция салынат. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң АКШ доллары жумшалган.

Учурда Кыштут дарыясына эки бассейн, 700 метрлик канал курулуп, беш чакырымдык электр мамычалары орнотулуп, электр зымдары тартылган.

Долбоорго инвестиция салган ишкер Бактыяр Калпаев биринчи агрегаттан айылдагы аз камсыз болгон он үй-бүлөгө, чакан ГЭС толук кубаттуулукта иштей баштаганда айылдагы 200 кожолукка электр энергиясы акысыз берилерин билдирди.

Энергетика министрлиги 2021-жылы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген. Буга чейин министрлик өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG