Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

ИИМ: фейк аккаунттар менен экстремисттик материал тараткан киши кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы экстремисттик уюмдардын материалдарын социалдык тармактарда жайылтып жүргөн деген шек менен бир киши кармалганын кабарлады.

Милициянын маалыматында, Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну социалдык тармактарда бир нече фейк аккаунттар аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган экстремисстик уюмдарга тийиштүү аудио, видео роликтерди жайылтып жүргөнү аныкталган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кыргызстан 20га жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм катары таанып, алардын ишмердигине тыюу салган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG