Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:33

Токаев менен Путин Сочиде жолукту


Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочи шаарында 19-августта жолукту.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочи шаарында 19-августта жолукту. Бул тууралу казак президентинин akorda.kz сайты жазды.

Анда лидердер эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты талкуулап, соода-экономикалык алакага басым жасалганы маалымдалат. Казак президенти учурдагы геосаясий кырдаалдагы эки мамлекеттик мамилеси жөнүндө сөз кылып, чек аралаш өлкө катары бардык тараптан кызматташтыкты күчөтүү тууралуу айтты.

17-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы форумда дагы жолугушкан. Анда Токаев расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан болчу.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган да, колдогон да эмес. Расмий Нур-Султан бир эле учурда Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле маалда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG