Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Жоокердин өлүмү боюнча аскер кызматкери камакка алынды


Кызмат өтөп жүрүп каза болгон Сыргак Сабырбеков.
Кызмат өтөп жүрүп каза болгон Сыргак Сабырбеков.

19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” маалымдашынча, Кылмыш жаза кодексинин 128-берене жана (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Анын бир тууганы "Азаттыкка" билдиргендей, ок чекесине тийген. Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган. Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген.

Бул фактыны учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, окуя иликтеп жатканын, бардык жагдайлар териштирилгенден кийин маалымат берилерин айткан. 19-август күнү кечинде президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилген.

Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG