Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Роскомнадзор TikTok, Телеграммга каршы “мажбурлоо чараларын" колдонот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси Орусиянын мыйзамдарын бузган деген негиз менен TikTok, Telegram, Zoom, Discord жана Pinterest сыяктуу бир нече чет элдик IT компанияларга карата “мажбурлоо чараларын колдонууну” чечти.

“Бул IT-компаниялар тыюу салынган маалыматты өчүрүү тартибин жана федералдык мыйзамда белгиленген негизги милдеттерди сакташпайт”, — деп айтылат Роскомнадзордун сайтындагы билдирүүдө.

Эми бул социалдык тармактар жана мессенджерлер Орусиянын мыйзамдарын бузуп жатканы тууралуу интернет колдонуучуларга милдеттүү түрдө маалымат чыгып турат.

19-августта жарыяланган билдирүүдө мындай чаралар компаниялар эрежелерди жана мыйзамды сактамайынча күчүндө кала берери айтылат. Акыркы айларда Орусияда соттор Google, Facebook, Twitter, WhatsApp, Telegram жана TikTok компанияларына орус мыйзамдарында тыюу салынган мазмундагы маалыматтарды өчүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн айып пул салган.

Орусиянын президенти Владимир Путин социалдык медиа платформаларын жана башка чет элдик технологиялык компанияларды өлкөнүн интернет мыйзамдарын бузуп жатат деп айыптап келет.

Украинада согуш башталгандан кийин Роскомнадзор орусиялык колдонуучулар үчүн 5 миңден ашык веб-сайтты, ошондой эле Twitter, Facebook жана Instagram социалдык тармактарын жапты.

Роскомнадзор тарабынан көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жабылганына байланыштуу алардын Telegram социалдык түйүнүндөгү баракчаларында катталуучулар көбөйдү. Андан тышкары тыюу салынган сайт, социалдык түйүндөргө VPN аркылуу киргендер арбыды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG