Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Президент транспорт министрине жана Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө эскертүү берди


Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.
Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.

Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, аталган облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Термеевдерге эскертүү берилди.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык жазалар жарыялаганын маалымдады.

Сулайманов баштаган жетекчилерге президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилген.

Президент Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгени, Министрлер кабинети “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө" байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилгени расмий маалымдалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG