Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Кыргызстан ШКУнун жыйынында Ооганстан маселесин көтөрдү


Марат Иманкулов ШКУнун жыйынында.
Марат Иманкулов ШКУнун жыйынында.

Өзбекстандын Ташкент шаарында 19-августта Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусу өттү. Анда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстан маселесин көтөргөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Иманкулов ШКУ мейкиндигинде коопсуздуктун абалы Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу экенин белгилеп, бул жатта биргелешип иштөө зарылдыгын айткан. Катчы ошондой эле терроризм коркунучуна каршы туруу боюнча сунуштарын берген.

Талибдер Ооганстандын бийлигин алганына 15-августта толук бир жыл болду. Алар былтыр ушул күнү бийликти кулатып, мамлекетти башкарууну колго алган. "Талибан" бийлигин дүйнө өлкөлөрү тааный элек.

18-августта өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштаган.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларус, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG