Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

20-августка аба ырайы: күн салкындайт


Ак-Сай өрөөнү.
Ак-Сай өрөөнү.

Кыргызгидромет кызматы 20-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,

Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Нарын жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,

Бийик тоолуу райондордо -2…-7, күндүз 5…10°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG