Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Жалал-Абад шаарында Түмөнбай Байзаков атындагы парк ачылды


Жалал-Абад шаарындагы Т. Байзаков атындагы парк. 18-август, 2022.
Жалал-Абад шаарындагы Т. Байзаков атындагы парк. 18-август, 2022.

18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу паркы ачылды. Парктын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты. Анда сүрөт көргөзмөсү, гүлдөр жармаңкеси өтүп, келген коноктор көчөт тигишти.

Эс алуу жайы 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда оргумалар, веложол, балдар ойноочу аянт, спорттук жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайлар камтылган.

Мындан сырткары парктын жаныдагы Победа көчөсүнө асфальт төшөлүп, 100дөн ашуун унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай, велосипед коюучу орундар түзүлгөн. Парктын курулушуна шаардык бюджеттен 40 млн. сомдон ашык каражат жумшалган.

Парк реконструкция болгонго чейин "Нооруз" паркы деп аталып, көп жылдар бою каралбай калган. Паркты кайрадан курууда ал жердеги уруксаты жок салынган жети тосмо жана сегиз имарат буздурулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков 1923-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулуп, 1992-жылы дүйнөдөн өткөн. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG