Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:33

Эрдоган Запорожье АЭСи боюнча: Биз жаңы Чернобылды баштан өткөрүүнү каалабайбыз


Режеп Тайып Эрдоган, Владимир Зеленский жана Антониу Гутерриш. Львов, 18-август, 2022-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган, Владимир Зеленский жана Антониу Гутерриш. Львов, 18-август, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Түркиянын жана Украинанын президенттери - Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Зеленский 18-августта Львовдо өткөн үч тараптуу жолугушууда Украинадагы жаңжалды токтотуунун жолдорун талкуулашты. Бул Орусия февраль айында Украинага согуш ачкандан бери Эрдогандын Украинага жасаган биринчи сапары.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен басма сөз жыйынында Владимир Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Орусия оккупацияланган аймактардан чыгып кетиши керек экенин айтты. Ал ошондой эле БУУну Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаалга кийлигишүүгө чакырды.

Антониу Гутерриш Орусия менен Украинаны бул маселеде сергек болууга чакырып, Орусия АЭСтин аймагынан аскердик техникасын жана кызматкерлерин чыгарып кетиши керектигин айтты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да АЭСтин аймагындагы салгылашуудан улам коопсуздукка коркунуч жаралганын билдирип, “биз жаңы Чернобылды баштан өткөрүүнү каалабайбыз”, - деди.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG