Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Курултай өткөрүү боюнча биринчи жыйын өттү


Курултайды уюштуруу комитети. 19-август, 2022-жыл.
Курултайды уюштуруу комитети. 19-август, 2022-жыл.

Бүгүн, 19-августта элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өткөнүн президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анда эл менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу тапшырмалар берилгени кабарланды.

Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү болгон президенттин администрациясынын кызматкерлери, облус башчылары, Бишкек, Ош шаарынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка ылайык, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган, анын курамы бекитилген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG