Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Министрдин орун басары ӨКМде учкучтар жетишсиз экенин билдирди


ӨКМнын Airbus H-125 тик учагы.
ӨКМнын Airbus H-125 тик учагы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) учкучтар жетишсиз. Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов өлкөдө тик учак башкаруучу учкучтарды даярдаган мекеме жок экенин, ошол себептүү министрликте совет мезгилинде же башка өлкөлөрдөн окуп келген адистер иштеп жатканын билдирди.

Министрликтин Фейсбуктагы түз эфиринде Шамырканов учкучтарды жумушка алуу боюнча кулактандыруу бергенин билдирди. Анын айтымында, алардын айлык маянасы 3 миң АКШ долларынын тегерегинде болот. Министрдин орун басарынын учурда ӨКМге берилген тик учакты Коргоо министрлигинин учкучу башкарып жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырган. Алардын арасында Airbus H-125 тик учагы дагы берилген. Президенттин маалыматына караганда, бул техниканы алуу үчүн республикалык бюджетттен 384 миллион сом бөлүнгөн.

Өлкөдө буга чейин өзгөчө кырдаалдарда атайын техникалар жетишпестиги курч маселе катары көтөрүлүп келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG